Кытай: жолдон өтүп бараткан эже-сиңди суу толгон аңга түшүп чөгүп кете жаздашты

Жазылуу
Аңды куруучулар казган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам ага суу толуп калган.

Окуя Кытайдын Хэнань провинциясындагы Шанцю шаарында болгон. Видеону The Daily Mail басылмасы жарыялады. Анда эжеси сиңдисин суу баскан көчөдөн көтөрүп келе жатып, жолдун ортосуна келгенде экөө таң жерге кирип кеткенин көрүүгө болот.

Маалым болгондой аталган жерге курулушчулар нөшөр башталганга чейин канализация алып өтүү үчүн аң казып койгон. Бактыга жараша, кыздарга күбөлөр жардам берип, аман алып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0