Бул кино эмес! Тай казанга ыргыган улакты тээп чыгарган аттын видеосу

Жазылуу
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтүп жатат. Бул мелдеште тай казандан секирип өтүп атаандашы ыргыткан улакты тээп чыгарган аттын видеосу көпчүлүктү таң калтырды.

Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Көчмөндөр оюндарында көк бөрүгө канча байге коюлары айтылды
Тайпалык оюндарда "Бакубат Талас" жана "Алыкул" командалары кез келген. Беттештин 14-мүнөтүндө "Бакубат Таластын" оюнчусу Астаркул Табышов чабуулга чыгып, катуу ылдамдык менен барып улакты тай казанга ыргыткан. Бирок ошол эле маалда артынан кууп келген атаандашы Алмаз Жапаев "Бөлтүрүк" аттуу аргымагы менен тайказандан секирип өтүп улакты тээп чыгарып салган. Натыйжада салым эсептелбей калды. Бирок "Бакубат Талас" 6:0 эсеби менен жеңип алган.

Мелдештин жыйынтыгына ылайык, Таластын "Бакубат Талас" менен Ысык-Көлдүн "Толкун" командасы суурулуп чыгып президенттин кубогу үчүн күч сынашмай болду. Финалдык беттеш 30-августта өтөт.

Көк бөрү оюнунун тарыхы, эрежеси жана кызыктуу фактылар тууралуу билгиңиз келсе инфографикадан караңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0