Көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалы. Видео

Жазылуу
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтүп жатат. Финалдык беттеште баш байге үчүн Таластын "Бакубат Талас" менен Ысык-Көлдүн "Толкун" командасы күч сынашууда.

Бул кино эмес! Тай казанга ыргыган улакты тээп чыгарган аттын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бул кино эмес! Тай казанга ыргыган улакты тээп чыгарган аттын видеосу
Президенттин кубогу үчүн ар дубандан келген 12 команда беттеш өткөрдү. Буга чейинки мелдештин жыйынтыгында "Сары-Өзөн Рассвет" командасы үчүнчү, "Шыралжын" командасы төртүнчү орунду алды.

Белгилей кетсек, Кыргыз республикасынын президентинин кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл жогорку лиганын улакчылары Көчмөндөр оюндарына даярданып жаткандыктан, экинчи лигадагы командалар ойноду.

Көк бөрү оюнунун тарыхы, эрежеси, командалардын рейтинги жана кызыктуу фактылар тууралуу билгиңиз келсе Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасын караңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0