Талкаланып күлгө айланган "Арзу" кафеси. Өрттөн кийин тартылган видео

Жазылуу
Тилсиз жоо жалпы 2000 чарчы метрди жалмаган.

Лебединовка айылындагы "Арзу" кафесинин өрттөн кийинки видеосу интернет айдыңына тарады.

Аны Borubek Kudayarov аттуу колдонуучу YouTube каналына жарыялаган. 

Пожар в кафе Арзу в селе Лебединовка - Sputnik Кыргызстан
"Арзудагы" тилсиз жоо, дүрбөлөңгө түшкөн эл. Видеолор топтому
Анда "Арзунун" негизги залындагы күйүп кеткен столдорду, талкаланган шыбын көрүүгө болот.

Имаратта өрт 1-сентябрда саат 21.00дө башталган.

ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, тилсиз жоо 2000 чарчы метрди жалмап, толугу менен 2-сентябрь күнү 04.30да өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар болгон эмес жана окуя болгон жерге алты өрт өчүрүүчү унаа барган. Буга чейин кафенин кызматкерлери ашканадан учкун чыгып, андан соң газ баллон жарылгандыгын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0