Кыймылдаганга дарманы калбаптыр. Африкада турист антилопаны сууруп чыккан видео

Жазылуу
Ажалдан аман калгандыгына ишенип-ишенбеген кыязда, антилопа аңдан чыккандан кийин бир нече мүнөт турбай жаткан.

Эс алганы келген турист баткактуу суу агып жаткан жердин терең жерине батып кеткен антилопаны сактап калды. Көңүл жылыткан бул көрүнүш туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

Окуя Түштүк Африка республикасындагы атактуу улуттук Крюгер паркында болгон.

Видео YouTube каналына жарыяланды.

Тоо жылып келе жаткандай! Аляскада киттин сууга кулаган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Тоо жылып келе жаткандай! Аляскада киттин сууга кулаган видеосу
Үйүрүнөн бөлүнүп чуркап чыккан жаныбар күтүүсүздөн суулуу аңга түшүп кетип, канчалык аракет кылганы менен чыга албай койгон.

Ошол аймакты кызыгып, сейилдеп жүргөн турист өтүп бара жатып, байкап калган. Турист бут кийимин чечип, аңдын четине келип, антилопаны мүйүзүнөн кармап, суудан сууруп алган. Бул учурда жаныбар көзүн жалдыратып, кишинин кыймылына көз салып, кыймылсыз жаткандыгын байкоого болот.

Ажалдан аман калгандыгына ишенип-ишенбеген кыязда, антилопа аңдан чыккандан кийин, бир нече мүнөт турбай жаткан. Видеодон бир нече убакыттан кийин гана теңселип басып, андан соң чуркап кеткен жаныбарды көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0