Милиционерлер Кырчын жайлоосунда туристтер менен англисче сүйлөшүп жатат

Жазылуу
Тартип сакчылары туристтик сезон алдында атайын даярдыктан өтүшкөн.

III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарынын төртүнчү күнү. Учурда эмне болуп жатат?
Кырчын жайлоосунда тартип сакчылары чет элдик туристтер менен англис тилинде сүйлөшүп жатканын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлерине Көчмөндөр оюндары учурунда чет элдиктер түрдүү маселелер менен кайрылышууда.

Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, жайкы сезондун жана Көчмөндөр оюндарынын алдында милиция кызматкерлери Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде эки айлык тил курсунан өтүшкөн.

"Башкы максат кызматкерлердин аларга түрдүү маселелер менен кайрылган чет элдиктерге жардам беришин камсыздоо болгон", — деди Усубакунов.

Анын айтымында, мындай аракеттер өз жемишин берди.

"Чет элдик жарандар кайрылган учурда англис тилин билген кызматкерлер котормочуну күтпөстөн эле жардам берип жатышат", — деди ал.

Усубакунов чет элдик жарандар негизинен жолду сурап, тигил же бул жакка кантип баруу керектигин сурап кайрылышууда. Андан сырткары, жеке буюмдарын жоготуп жиберип кайрылгандар дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0