Өзбек улакчылары финалга чыгыш үчүн кандай даярданганын айтышты. Видео

Жазылуу
Өзбекстандын көк бөрүчүлөрү Көчмөндөр оюндарына жети ай бою даярданды. Бул туурасында команданын башкы машыктыруучусу Шералы Беккулов жарым финалдын алдында Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирген.

Белгилей кетсек, бүгүн финалга жолдомо алуу үчүн болгон беттеште оюн талаасына Өзбекстан менен Казакстандын командалары чыгып, өзбек улакчылары 5:4 эсебинде жеңишке жетти. Мындай бурулуш көк бөрү күйөрмандарына күтүүсүз болду. Анткени ар дайымкы мелдештердин финалында Кыргызстан менен Казакстан кездешет болчу. 

“Биз Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына да келгенбиз. Буюрса эртең жарым финалда ойнобуз. Кудай буюрса, атаандаштарды жеңип финалга чыгабыз. Мунусунда аты жок келдик, кийинкисинде сөзсүз өзүбүздүн аттарды алып келебиз. Биздин өлкөдө аламан улактар көп ойнолуп, көк бөрү тарткандар аз. Ага карабай жакшы даярдык менен келдик”, — деди Беккулов. 

Сөзүнүн соңунда ал өзбек улакчалырынын командасына колдоо көрсөткөн президенти Шавкат Мирзиёевге, чоң мелдешти уюштурган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго жана даярдап жөнөткөн Федерация жетекчиси Наби Жураевге ыраазычылыгын билдирди. 

Жөлөп-таяп тайказанга ыргытып... Француздардын улак тарткан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жөлөп-таяп, аттан кулап. Америка жана франциялыктардын көк бөрү тарткан видеосу
Өзбекстандын командасы буга чейин Башкортостанды 19:1 жана Францияны 19:6 эсеби менен жеңип алган. Эми эртең, 7-сентябрда финалда Кыргызстандын улакчылары менен күч сынашат. 

Эскерте кетсек, Өзбекстандын да, Казакстандын да улакчылары аргымагы жок келгендиктен Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары тарабынан ат берилген. 

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0