"Азия MIX" командасынын жеңишке жеткен оюну. Толук видео

741
(жаңыланган 13:17 10.09.2018)
Кечээ Россиянын Биринчи каналы "КВН — 2018дин Жайкы кубогу" оюнунун телеверсиясын көрсөттү. Анда Кыргызстандын "Азия MIX" командасы биринчи жолу жеңишке жетишти.

Оюн 24-августта Сочи шаарында өткөн. Баш байге үчүн өткөн сезондун жеңүүчүсү казакстандык "Спарта Номад" менен Кыргызстандын "Азия MIX" командалары күч сынашкан.

Эрежеге ылайык, ар бир команда өз курамына башка топторду чакырып, кыргызстандыктар менен "Русская дорога" (Армавир), казакстандыктар менен "Радио Свобода" (Ярославль) командалары чыкты.

Натыйжада "Азия MIX" жеңишке жеткен.

КВН Жайкы кубогу акыркы жылдарда чемпион болгон командалардын жыл сайын өтчү беттеши. Былтыр мелдеш биринчи жолу Борбор Азия чөлкөмүндө, Астанада болгон.

741
Белгилер:
кубок, беттешүү, Азия MIX, КВН
Тема боюнча
"Азия MIX" кыргыз-өзбек мамилелерин бекемдеди. Видео
"Азия MIX" Сочиде КВНдин жайкы кубогун жеңип алды
"Азия MIX" командасынын мүчөсү Ростислав Ященко окуучулар менен жолугат