Молдова президенти автокырсыкка кабылган учур видеого түшүп калган

Жазылуу
Интернетке Молдованын президенти Игорь Додондун кортежинин кантип автокырсыкка кабылганы тартылып калган учуру тарады.

Абхазиянын премьер-министри Геннадий Гагулия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндө Абхаз өкмөт башчысы капилет көз жумду. Ал кабылган автокырсыктан кийинки видео
Видео аталган өлкөнүн мамлекеттик күзөт кызматынын Facebook тармагындагы баракчасына жарыяланган.

Президенттин кортежи жекшемби күнү Страшены шаарынан Калараш калаасына бара жатканда кырсыктаган.

Мамлекет башчы келе жаткан автокөлүктөр автофургон менен кагышып, жолдун каршысына чыгып кеткен.

Бул окуядан Додондун жана анын үй-бүлөсү жабырланган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0