Экинчи ирет жашоо берилбейт! Жол кыймылынын коопсуздугуна арналган ролик

Жазылуу
Видео жол кырсыгын азайтууга багытталган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыгынын санын азайтууга арналган социалдык ролик жарыялады. Видео ЖКККББдин Facebook тармагындагы баракчасына жайгаштырылган.

Видеодо инспектор унааны токтотуп, айдоочу менен пикир алышканын көрүүгө болот. Бул учурда кинорежиссер токтоп, фильм үчүн дублди кайрадан ойноп берүүнү суранат.

Роликти баштан аяк режиссердун кадр сыртындагы үнү коштойт.

"Эгер мага актердун ойногону жакпаса, кайрадан дубль кыла беребиз. Көңүл тойбогон вариант болмоюнча улана берет да, жакпагандарын өчүрө беребиз. Бирок жолдогу катачылыкты эч качан кайрып ойной албайсың", — дейт кадр сыртындагы үн.

Видеонун соңунда режиссер өзү көрүүчүлөргө жашоо кино эмес, экинчи дубль болбойт деген. ЖКККББдин маалымат кызматы тарбия бере турчу ролик жол кыймылын азайтууга багытталганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0