Москвада элди тебелетип кеткен жигит окуянын чоо-жайын айтты. Видео

Жазылуу
Кыргызстанда туулуп, кийин Россиянын жарандыгын алган Сарбишев эми 8-ноябрга чейин камакта болот.

Москва шаарында мекендештерин тебелетип кетти деп камакка алынган Бекжан Сарбишев чатактын эмнеден келип чыкканын айтып берди. Жигит менен РЕН ТВ сүйлөшкөн. 

Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Москвада мекендештерин тебелетип кеткен айдоочу камакка алынды
Эскерте кетсек, 9-сентябрь күнү эртең менен Москванын Новочеркасский бульварында өзүнүн бир нече мекендешин унаа менен койдурду деп шектелген 21 жаштагы Бекжан Сарбишев аттуу жаран кармалган. Кырсыктын кесепетинен тогуз киши жабыркап, бешөө ооруканага түшүп, дагы бирөө каза тапкан

Сарбишевдин айтымында, карындашынын туулган күнү өтүп жаткан кафеге түнкү саат 3-4төрдө бир нече киши келип, эмне болуп жатканын сураган. Майрам болуп жатканын айтып, ошол жерден чыр чыккан да, жигиттер тарап кетишкен. Бирок саат 5те жаңжал сыртта уланып, жигитти баарылап мыкаачылык менен сабап салышкан.

"Качканыма карабай ур-тепкиге алышты. Мен жалгыз, алар көп болчу. Анан аларды тебелеттим. Күнөөлүмүн", — деди айыпкер.

Кыргызстанда туулуп, кийин Россиянын жарандыгын алган Сарбишев эми 8-ноябрга чейин камакта болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0