Ит экен десе... Ысык-Көлдө сүзгөн кой камерага түшүп калган

Жазылуу
Youtube каналында Ысык-Көлдө сүзүп бараткан койдун видеосу тарады.

Суунун бетин бербейт го! Аңчылыкка чыккан дельфиндердин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Суунун бетин бербейт го! Аңчылыкка чыккан дельфиндердин видеосу
Күбөлөр алыста бир нерсе сүзүп келе жатканын байкашкан. Алгач алар ит болсо керек деп ойлошкон. Бирок бир аздан кийин "бул кой го!" деп айткан үндү угууга болот.

Күбөлөр "аскер базасынан качып кеткен го" деп тамашага алышты. Видео болжол менен Каракол шаарына жакын жерде тартылган.

Кой жээкке чейин сүзүп келип, алы кеткенинен жатып калган. Анын жүнүндө тикенектер болгон. Күбөлөр иттер кууп айла жок сууга кирген болсо керек деп боолголошту.

Жаңылыктар түрмөгү
0