Карыяны албай кеткен айдоочу: жүргүнчүлөр эшикти жаап алган

Жазылуу
Пенсионерди жолдон албай кеткен №223 маршрутканын айдоочусу ЖКККББнын Техникалык бөлүмүнүн начальниги Белек Алымовго окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берди.

Жүргүнчүсү бар маршрутка жеңил унаа менен кагышып кетти. Күбөнүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жүргүнчүсү бар маршрутка жеңил унаа менен кагышып кетти. Күбөнүн видеосу
Буга чейин социалдык тармакта пенсионерди маршруткага киргизбей койгон айдоочунун видеосу тараган. Анда кары адам эшиктин туткасын ачууга аракет кылып, бир нече ирет эшикти койгулаганын да көрүүгө болот.

Маршрутканын айдоочусу ЖКККББнын Техникалык бөлүмүнүн начальниги Белек Алымов менен жолуккан учурда эмне себептен мындай кадамга барганын айтып берген.

"Биринчиден, ал жерде жол чырак жок болчу (Ахунбаев менен Малдыбаевдин аймагы). Экинчиден, салондун ичинде эл көп болгондуктан жүргүнчүлөр "батпайт" деп өздөрү эшикти жаап алышты. Анан менин алдыма дагы бир унаа токтоп алып, жолтоо болуп жаткан, жол чырак да иштебейт. Алдыда болсо инспекторлор карап турган", — деди айдоочу.

Буга карабастан фирма жетекчилиги менен айдоочуга ЖКККББ тарабынан түшүндүрүү иштери жасалды. Алар өз учурунда кечирим сурашты.

Ал эми Бишкек ЖКККББнын маалымат кызматы айдоочу жол эрежесинин талаптары боюнча иш кылганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0