Бишкектеги медициналык колледждин директору пара менен кармалды. Видео

Жазылуу
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү Бишкектеги медициналык колледждердин биринин директорун 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады.

Диплом выпускника ВУЗа КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 39 студенттин диплому жокко чыгарылып, 7 адам соттолду
Мекеменин тараткан маалыматына ылайык, 10-сентябрда жарандардын бири финансы полициясына кайрылып, медициналык окуу жайлардын биринин жетекчиси окууга киргизүү үчүн дагы 25 миң сом пара талап кылып жатканын айткан. Буга чейин ал 30 миң сомду бергенин билдирген.

Аталган факты боюнча финансы полициясы Кылмыш жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү "Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу" менен кылмыш ишин козгоду.

"12-сентябрда ыкчам иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө колледждин директору 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды", — деп финансы полициясынан маалымдашты.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы эгер шектүү сунуштар жана акча талап кылуулар болсо 1955 ишеним телефону аркылуу, же 0 (312) 32-30-91, 0 (312) 32-37-07 нөөмөт бөлүмүнө чалууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0