Ала-Тоо аянтынан чуркап өткөн жүздөн ашык аскер кызматкери. Видео

Жазылуу
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтынан аскер кызматкерлери (офицер, сержант, курсант, жоокер) жана каалоочулар чуркап өтүштү. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Генерал-лейтенант, экс-министр обороны Исмаил Исаков - Sputnik Кыргызстан
Келиндердин ичин жарып... Исмаил Исаков Тажикстандагы жарандык согуш тууралуу
"Эл намысын эр коргойт, эр намысын эл колдойт" аталышындагы иш-чара Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде башталып Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жанында жыйынтыкталды. Ал жерде элдик жарманке да уюштурулган.

Флешмобдун сап башында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн эмгек сиңирген ардагери, Генералдык штабдын мурдагы жетекчиси, генерал-майор Асанбек Алымкожоев турду.

Генералдык штаб ата-мекендик армияны колдоо максатында өткөрүлгөн акция тууралуу буга чейин кабарлап, бардык калоочуларды катышууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0