Тогузунчу кабаттан кулаган енот аман калды. Видео

Жазылуу
Көп кабаттуу үйдүн боорунда тырмалаңдап өйдө көтөрүлүп бараткан енот тогузунчу кабатка жеткенде жерге кулап түшкөн. Бирок ал кулагандан кийин көп өтпөй эле туруп алып чуркап кеткен. Окуя кандай болгонун видеодон көрүңүздөр.

Американын Нью-Жерси штатынын Оушен-Сити шаарында енот жергиликтүү тургундардын жүрөгүн түшүрүп, ошол эле учурда таң калтырган. Жаныбар көп кабаттуу үйдүн чатырына тамдын боору менен чыгып жөнөгөн.

Ылдый жакта топтошкон адамдар андан көзүн албай карап, айрымдары сарсанаа да болуп жаткан. Тогузунчу кабатка жеткенде жаныбар ылдыйды көздөй кулап, элдин баарын чочуткан. Бирок көп өтпөй эле эч нерсе болбогондой, туруп алып чуркап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0