(0:41 / 5.61Mb / )

Түркияда тонналаган балыктар кырылып жээке чыгып калды. Видео

680
(жаңыланган 18:22 26.09.2018)
Бул экологиялык катастрофа экени же климаттын өзгөрүшүнүн кесепети тийдиби азырынча белгисиз.

Түркиянын тургундары жартылыштын күтүлбөгөн кубулушуна күбө болушту. Алар Аси дарыясынын жээгинен жер жайнаган балыктардын өлүгүн табышкан.

Бул экологиялык катастрофа экени же климаттын өзгөрүшүнүн кесепети тийдиби азырынча белгисиз. Балыктар уулангандыктан массалык түрдө кырылып калышы мүмкүн деген да божомол бар.

Адистер кырсыктын чоо-жайын териштирүүдө. Жергиликтүү калк да мунун кандайча болуп кеткенине түшүнө албай турат.

680
Белгилер:
кырылуу, балык, дарыя, Түркия
Тема боюнча
Калифорния: жээктеги суу ысып балыктар кырылып калды