Бишкектин чок ортосунда жол тандабастын үстүнө бак кулады. Видео

Жазылуу
Окуя болгон жерге ЖКККББнын кызматкерлери жөнөп кеткен.

Борбор калаанын чок ортосунда жол тандабастын үстүнө бак кулады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 26-сентябрда кечки саат 18:45дер чамасында Турусбеков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде катталган.

"Унаанын ичинде айдоочу жана жүргүнчүлөр болгон эмес, жанында адамдар турган. Эч ким жабыркаган жок, бирок электр мамычасынын зымдары үзүлүп кетти. Кургап, карып калган бактын теңи сынды", — деди күбө.

Бишкек жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чыгып кеткенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0