Кейпи кетип ураган үйлөр, каралбай калган имараттар. Миң-Куш айылынын видеосу

Жазылуу
Союз маалында Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында 18 миңдей тургун жашап келген. Азыр болсо 3600дөй адам түтүн булатат.

Кыргызстандагы эң кичинекей айылдын жашоо-шарты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң кичинекей айылдын жашоо-шарты. Видео
Деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан айыл өкмөттө убагында уран өндүрүлчү. Ошондуктан анын айланасында ири көлөмдөгү уулуу заттын калдыктары сакталган курулуштар бар.

Жергиликтүүлөр негизинен мал чарбачылыгы жана жакын жердеги кендерден көмүр казып эмгектенет. Айылда төрт бала бакча, үч мектеп, бир оорукана жана бир кесиптик лицей бар.

Каржынын тартыштыгынан жана жергиликтүү калктын көчүп кеткендигине байланыштуу СССР учурунда салынган курулуштардын кейпи кетип, айрым турак-жайлардын көрүнүшү ал жерде согуш болгондой сезим калтырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0