Бишкекте журналистке жасалма VIP-номерин сатышканда... Видео иликтөө

Жазылуу
Бишкекте соңку кезде жасалма номурлуу машиналар көп кездешчү болду. Sputnik Кыргызстандын журналисти аларды ким даярдай турганын билип көрдү.

Быйыл жайда бир окурман Sputnik Кыргызстандын WhatsApp-каналы аркылуу 08 KG 888 ATA – бирдей мамлекеттик номурлар тагылган бир нече унаанын сүрөттөрүн жөнөткөн. Ал эми КР Мамлекеттик каттоо кызматы "Инфоком" мамлекеттик мекемеси андай номурду чыгарбаганын маалымдаган.

Андан бери Sputnik сайтында жасалма автомобилдик номурлар тууралуу жаңылыктар жайнады, андыктан редакция чакан иликтөө жүргүзүүнү эп көрдү.

Проблема затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Башка бирөөдөн "крутой" номер сатып алуу оңой болуп калат. Жаңы долбоор
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Instagram социалдык тармагынан тамга жана сандардын каалагандай жазылган номурларды даярдоого дайын болгон оголе көп баракчаларды тапты. Алардын сүрөттөлүшүндө мындай номурлар сувенир катары жасалары айтылат. Бирок алар анык номурлардан эч айырмаланбайт.

Андай баракчалардын биринин модератору менен биздин кабарчы сатып алуучу катары байланышты. Сатуучу менен кат алышууда жасалма мамлекеттик номурдун топтому (эки даанасы) 3500 сом турары жана 7-10 күн аралыгында дайындаларын билдик.

Бир аз кат алышуудан кийин журналист сатуучу менен сүйлөшүлгөн жерде кезигип, ийне-жибине чейин макулдашты. Журналист алдын ала 1500 сом өлчөмүндө каражат калтырып, "NUR KG" жазуусу бар мамлекеттик номур алууну каалаганын айтты. Сатуучу толугу менен караңгылатылган, мамлекеттик номуру жок Mercedes Benz үлгүсүндөгү автомобилден түшкөнүн белгилей кетели.

Жигит он чакты блокнотунун бирине жазып алды. Сатуучу номурлар Кыргызстанга келери менен кабарлай турганын убада кылды.

Көп күтпөдүк, бир аптадан кийин эле сатуучу машинанын мамлекеттик номурлары даяр экендигин, алып кетишибиз керектигин айтып чалды. Жолугуп, кабарчыбыз "NUR KG" номурун колуна алды. Баарлашууда сатуучу негизинен жасалма номурларды ар кандай салтанаттарга, маселен үйлөнүү үлпөт үчүн буюртма беришерин белгилеген. Андай номурларды алар Россияда жасатышарын, ал эми авто инспекторлор байкап калса 5000 сом өлчөмүндө айып саларын да кошумчалаган.

КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан Административдик жоопкерчилик боюнча КР Кодексинин "Жасалма мамлекеттик номурлуу автону айдагандыгы үчүн" мазмунундагы 224-беренеси менен жазаланарын жана мындай мыйзам бузууга 5000 сом айып пул салынарын тастыкташты.

Бишкекте машиналарга тагылган эки окшош номер - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте машиналарга тагылган эки окшош номер кимисине таандык экени аныкталды
Ошондой эле КР Кылмыш кодексинин 349-беренеси да бар экенин белгилеп өтөлү, идентификациялык номурдун жасалмасын даярдоо же жок кылуу, шасси кузову, кыймылдаткыч номурлары, ошондой эле автонун мамлекеттик каттоо номурунун жасалмасы үчүн 120дан 180 саатка чейинки убакытка коомдук иштерге тартылат же 20-30 миң сом айып пул менен жазаланат. Мындан тышкары, мындай мыйзам бузууга эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы да каралган.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мындай "сувенирлердин" сатылышы канчалык мыйзамдуу экендигин текшерүүнү өтүнүп укук коргоо органдарына кайрылганын кошумчалайлы.

Айтмакчы, Sputnik Кыргызстандын кабарчысы 3500 сомго алган автомобилдин өзгөчө номурлуу же тамгалуу мамлекеттик номурун мыйзамдуу түрдө Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик мекемесинен 100 миң сомго жасатууга болот, аны пайдалансаңыз, эч ким сизге айып салбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0