Таиланддан алган тажрыйбам! Рафаель Физиев Бишкекте мастер-класс көрсөттү

Жазылуу
Таиланддагы Tiger Muay Thai залында машыгып, өзү да машыктыруучулукту аркалаган кыргызстандык мушкер Рафаель Физиев Бишкектеги спорт залдардын биринде мастер-класс өтүп, тажрыйбасы менен бөлүштү.

25 жаштагы Физиев тайбокс боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси, эл аралык даражадагы спорт чебери. ММА боюнча беш ири турнирдин жеңүүчүсү. Быйыл Америкадагы беделдүү делген UFC уюмунун тандоо турнирине катышууга жолдомо алып, бирок визанын айынан беттештен кол жууган

Физиев спортчуларга аралаш мушташтын ыкмаларын көрсөттү. Анын айтымында, кыргыз спортчулары ММАде техника жагынан аксайт.

"Таиландга көчүп келгениме үч жылдай болду. Башында өзүм машыгып, мелдештерге катышып жүрчүмүн. Бир жылдан бери спортчуларды тарбиялап жатам. Таиландда ММА боюнча квалификациясы жогору машыктыруучулар арбын. Биздин спортчуларга техника жетишсиз. Маселен, же күрөштөн же бокстан мыкты балдар көп, бирок ММАде бардык ыкманы өздөштүрүп, ар тараптуу болуу зарыл. Ушунун бардыгы машыктыруучунун тажрыйбасына барып такалат", — деди Физиев.

Мастер-класстын алкагында спортчуга турнирге карата даярдык, машыгуу, салмак куу, туура тамактануу жана башка бардык кызыккан суроолор узатылды. Көбү спортчуга кийинки беттеши качан боло тургандыгын сурашты, Физиев болсо виза маселеси чечилсе эле мелдешке катышууну пландай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0