Деңизди дирижер болуп башкарган бала интернет колдонуучуларын күлкүгө салды

782
(жаңыланган 11:50 30.09.2018)
Деңиз жээгиндеги толкундарды чын жүрөктөн жана эмоция менен дирижерлук кылып башкарган балага интернет колдонуучулары суктанышкан.

Дирижерлук өнөр негизи эле татаал жана жагымдуу. Оркестрдин ордуна сууну, чолок шым кийим алып дирижерлук кылып башкарган бала интернет колдонуучуларынын маанайын көтөрдү.

Баланын толкундарды башкарган видеосун көрүп, аны профессионал куудулга окшоштурууга болот.

782
Белгилер:
деңиз, дирижер, бала
Тема боюнча
Биринчи кыргыз дирижёру Асанкан Жумакматов. Маэстронун сүрөттө калган ирмемдери

Гүлжигит Алыкулов "Кайраттын" УЕФА мелдешиндеги голуна жардам берди. Видео

449
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов команданын негизги курамында чыгып, беттештин 81-мүнөтүндө алмаштырылды.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов казакстандык "Кайрат" клубунун Европа лигасындагы кезектеги оюнунда голду уюштурууга катышты. Учурдун видеосун казакстандык клуб өзүнүн Facebook баракчасына койду.

Кечээ УЕФАнын Европа лигасы мелдешинин квалификациялык баскычынын чейрек финалында "Кайрат" Израилдин "Маккаби" клубу менен кез келген.

Беттеште Алыкулов чабуулду баштап, капталдагы өнөктөшү Гафуржан Сүйүнбаевге топту өткөрүп берген. Анын айып аянтчасына чыгарган тобун бразилиялык чабуулчу Вагнер Лав голго айлантып, эсепти теңеген.

Бир метрден гол киргизе албай уят болгон футболчу талоондо калды. Видео

Бирок бул гол казакстандык команданын кийинки баскычка чыгуусуна пайдасы тийген жок. "Кайрат" "Маккабиге" 2:1 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеди.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов негизги курамда чыгып, беттештин 81-мүнөтүндө алмаштырылды.

Гүлжигиттин "Кайрат" клубу аталган мелдештин буга чейинки раундунда Армениянын "Ноа" командасы менен ойноп, 4:1 эсебинде уткан. "Кайраттын" биринчи голун Гүлжигит Алыкулов киргизген.

449
Белгилер:
Европа лигасы, Гүлжигит Алыкулов, футбол
Тема боюнча
Гүлжигит Алыкулов: голума абдан сүйүндүм, бирок дараметимди толук ача элекмин
Ирмемди кармады! Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун кезектеги чеберчилиги видеодо

Жалда өрттөнгөн көп кабаттуу үйдүн эмнеси калды. Дрондон тартылган видео

2374
(жаңыланган 15:56 17.09.2020)
Бейшембиге караган түнү борбор калаадагы Жал кичи районунда жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Аталган имараттын күйгөндөн калган көрүнүшүн Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүздөр.

Өрт тууралуу ӨКМге саат 22.20ларда чакыруу түшкөн. Тилсиз жоо менен кармашууга төрт бригада тартылган. Ошондой эле бир автошаты, бир суу ташуучу унаа жеринде иш алып барды. Анын натыйжасында саат 23:52де жалын чектөөгө алынып, 01:13тө толугу менен өчүрүлдү.

Жалын 400 чарчы метр аянтты жалмап, курулуш буюмдары күйгөн.

Опалубкалар жерге кулап... Жалда күйүп жаткан көп кабаттуу үйдүн видеосу

Тез жардам кызматынан бир бригада келип күзөтүп турганы айтылды. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Ошондой эле 25 милиция кызматкери келип коопсуздукту камсыздаган.

Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

2374
Белгилер:
өчүрүү, көп кабаттуу үй, өрт, Бишкек
Тема боюнча
Жалда көп кабаттуу үй күйүп жатат. Жалындаган өрттүн видеосу
Жалда өрттөнгөн көп кабаттуу турак жай түндө толук өчүрүлдү
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек

0
(жаңыланган 22:55 20.09.2020)
Пандемиядан улам дээрлик бардык мамлекеттер чек арасын жаап, байланыш чектелген. Эпидемиологиялык абал турукташа баштагандан бери каттамдар жанданууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россияга барууну каалаган кыргызстандыктар коронавируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөнү тууралуу маалым катын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

Маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттам жандангандыктан 21-сентябрдан тарта  аба жолдору ачылганы айтылат.

Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

"Азырынча рейс жумасына эки ирет "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары аркылуу аткарылып турмакчы", — деп жазылат кабарда.

Ал эми тестти жүргүнчү Россиянын аймагына киргенге чейинки үч күндүн аралыгында тапшырышы зарыл.

0
Белгилер:
тест, коронавирус, элчилик, авиакаттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынмай болду
Премьер-министр Россияга болгон авиакаттамдарга чектөөлөр алынарын айтты