Филиппин: жигит сүйгөн кызынын колун суроо үчүн "жол кырсыгына" кабылды

Жазылуу
Соцтармак колдонуучулары жигиттин тапкычтыгына баа берген.

Филиппиндик жигит сүйлөшкөн кызынын колун суроо үчүн өзүнүн мотоцикл менен кырсыктаганын сахналаштырды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Манас аэропортунан сүйүктүүсүнүн колун сураган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортунан сүйүктүүсүнүн колун сураган жигиттин видеосу
Интернетке жүктөлгөн видеого караганда, жигит мотоциклден кулап түшүп, унаа тынымсыз каттаган чоң жолдун ортосуна жатып калат. Артынан башка мотоциклде келе жаткан кыз токтой калып жанына барганда жигит ага шакек салынган кутучаны сунат. Кыз кубанганынан жанындагы курбусун кучактап ыйлап жибергенин көрүүгө болот.

Окуяны видеого тамаша тууралуу билген досу тартып алган.

Социалдык тармак колдонуучулары баланын тапкычтыгын баалап, видеону 70 миң жолу бөлүшкөн. Мындан тышкары 127 миң лайк басылып, 15 миң адам пикир калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0