Нурмагомедов маалымат жыйынга кечиккен Макгрегорду күтпөй кетип калды. Видео

Жазылуу
Россиялык мушкер маалымат жыйынга маалында келсе, атаандашы 27 мүнөт кечигип келген.

Тренировка бойца Хабиба Нурмагомедова - Sputnik Кыргызстан
Макгрегордун күйөрмандары ачык машыгууда Нурмагомедовду кодулашты. Видео
Жеңил салмак боюнча UFC уюмунун абсолюттук чемпиону Хабиб Нурмагомедов UFC 229 турниринин алдында Лас-Вегаста уюштурулган маалымат жыйынга атаандашы Конор Макрегор кечиккендиктен аны күтпөй кетип калды.

Беттеш алдындагы маалымат жыйындын видеосун ESPN сайты жарыялады.

Нурмагомедов жыйынга белгиленген убакытта келип, журналисттердин суроолоруна жооп берип, 15 мүнөттөн кийин кетип калды.

"Күйөрмандарга чоң ырахмат айтам… бул баланы мен 15 мүнөттөн бери күтүп турам, ал дагы деле жок. Бул сыйлабагандык. Эртең салмакка түшүү учурунда жолугабыз", — деди Хабиб.

Ал эми Макгрегор атаандашы кетип калган соң 12 мүнөттөн кийин келип, автотыгында калып калгандыктан кечиккенин айтты.

Эки мушкердин беттеши UFC уюмунун тарыхындагы эң күттүргөн жана бир катар интригаларды жараткан беттеш болду. Алар 6-октябрда беттешет.

Көптөн күткөн мелдешти Коомдук биринчи канал (КТРК) түз алып көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0