Оштун вице-мэрлери эл алдында кол күрөштүрүп күч сынашты. Видео

Жазылуу
Мэриянын маалымат кызматы атка минерлердин таймашы алдын ала пландалбаганын айтты.

Бүгүн Ош шаарынын күнүн майрамдоо учурунда биринчи биринчи вице-мэр Сайибжан Турдуев менен вице-мэр Асылбек Топчубаев кол күрөштүрүп жаткан видеосун мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров Facebook баракчасына жарыялады.

Видеодо вице-мэрлер эл алдында кол күрөштүрүп жатканын, Топчубаев Турдуевди жеңип алганын көрүүгө болот.

"Ош шаарынын борбордук аянтында майрамдык иш-чара болуп, спорттук мелдештер дагы өтүп жаткан. Эки вице-мэр келе жатып эле кол көрүштүрүп көрөлү деп калышты. Бул нерсе алдын ала пландалган эмес", — деди Абсаттаров.

Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош калаасы бүгүн, 5-октябрда, өз күнүн белгилеп жатат. Ордолуу Ош тууралуу кызыктуу 10 фактыны окуп алыңыз

Жаңылыктар түрмөгү
0