Макгрегор салмакка түшүү учурунда Хабибди тээп сала жаздады. Видео

Жазылуу
Нурмагомедов 26 беттеш өткөрүп, анын баарын тең жеңген. Ал эми Макгрегор 21 беттеш өткөрүп, анын үчөөндө утулуп калган.

UFC 229 турниринин алдында Лас-Вегаста Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор салмакка түшүштү. Алар бири-бирине карап муштум түйгөн кезде ирландиялык мушкер Хабибди чаап-тээп ийүүгө аракет жасады. Бул тууралуу Р-Спорт жазды. 

Эки мушкер ишемби күнү беттешет. Россиялык Нурмагомедов жеңил салмактагы чемпиондук титулун коргойт.

Нурмагомедов покинул пресс-конференцию, не дождавшись Макгрегора, — видео - Sputnik Кыргызстан
Нурмагомедов маалымат жыйынга кечиккен Макгрегорду күтпөй кетип калды. Видео
Буга чейин Нурмагомедов турнирден кийин Конордун колун кыспай турганын билдирген. Ирландиялык мушкер дагы каршылашы менен "тынчтык келишимин" түзбөй турганын жар салган.

Макгрегор өз учурунда Нурмагомедовду "талкалайм" деп сөз берди.

Эки мушкер буга чейин деле бири-бирин кекетип-мокотуп келген.

Нурмагомедов 26 беттеш өткөрүп, анын баарын тең жеңген. Ал эми Макгрегор 21 беттеш өткөрүп, анын үчөөндө утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0