Жириновский сахнага чыгып баратып чалынып жыгылды. Видео

Жазылуу
Окуя Владимир облусунун губернаторунун инаугурациясында болгон.

Россиянын либерал-демократиялык партиясынын (ЛДПР) лидери Владимир Жириновский сахнага чыгып келе жатып, чалынып кетип жерди таянып туруп калган. Бул учурда сүрөткө тартып жүргөн киши чуркап келип колтуктан алууга аракет кылган. Бирок Жириновский дароо ордунан туруп, трибунаны көздөй баскан. 

Окуянын видеосу YouTube сайтына жарыяланды.

Ал эми РИА Новости агенттигинин жазышынча Жириновский Владимир облусунун губернатору Владимир Сипягиндин инаугурациясынын учурунда болгон. Иш-чара облустук администрациянын имаратында өткөн. Ал ант бергенден кийин сахнага Владимир Жириновский чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0