(0:39 / 5.53Mb / )

Мышыктын балдарына эне болгон сүлөөсүн. Жүрөк элжиреткен видео

323
(жаңыланган 16:37 14.10.2018)
Иркутск шаарындагы зоопаркта жашаган бир жарым жаштагы сүлөөсүн кичинекей мышыктарды багууда. Видеодон ал балдарын кантип "тарбиялап" жатканын көрсөңүздөр болот.

Зоопаркта иштегендер сүлөөсүндү Алена деп атап коюшкан. Жаныбардын өзүнүн балдары жок, бирок ал буга чейин жаңы туулган эки мамалакты багып чоңойткон.

Мышыктын балдары сүлөөсүндү өз энесиндей көрүп, айланчыктап жанынан кетпейт. Алена да аларды чанган жок.

Жаныбар балдары менен элге таанымал болуп кеткен. Аны көрүш үчүн шаардыктар балдары менен атайын келишет.

323
Белгилер:
видео, мышык, сүлөөсүн, Россия
Тема боюнча
Жаш жигиттер тыйын чычкандын жүрөк тушун укалап, аман алып калышты
Ит өлүп калган досун "тирилте" албай... Көзгө жаш алдырган видео
Пикирлер