Быт-чыты чыгып... Бишкекте кырсыкка кабылган Range Rover. Видео

Жазылуу
Унаанын айдоочусу соо экени, кырсыктан жаракат албаганы аныкталган.

Борбор калаада Range Rover үлгүсүндөгү жолтандабас жамгыр жаап жаткан учурда кырсыкка кабылган.

Окуя 13-октябрда түнкү саат 23:30 чамасында Түштүк магистралда катталган. Күбө жөнөткөн видеосунда унаа тоголонуп, талкаланып кеткенин айтып жатат.

"Жолтандабас башка унааны ашып өтөм деп жолду тең экиге бөлүп туруучу чийинден каршы тилкеге чыккан. Бир дөңгөлөгү ыргып кеткен", — деди күбө.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кырсык тууралуу маалыматты тастыктады.

"Айдоочунун соо экени текшерүүдөк далилденди. Рулду башкара албай калыптыр", — деди ЖКККББ өкүлдөрү.

Кырсыктан айдоочу жабыркаган эмес, унаа айып короосуна токтотулду. Териштирүү иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0