Суусамырда эки автоунаа кагышты. Күбөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдиришинче, жол кырсыгы бир автоунаа жүк ташуучу машинаны ашып өтөм деген учурда болгон. Ал кырсыктын видеосун WhatsApp аркылуу жиберди.
Чүй облустук ИИБдин ЖКККБдин маалымат кызматынын ырасташынча 13-октябрда саат 17:30дар чамасында Бишкек — Ош трассасынын 164-чакырымында Subaru Forester менен Toyota 4Runner автоунаалары бет маңдай кагышкан.
"Жол кырсыктын айынан эки айдоочу тең окуя болгон жерде каза болуп, жаракат алган үч киши Жайылдагы аймактык ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Бардык материалдар тергөө органдарына берилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды.