(1:37 / 12.62Mb / )

Быйылкы күздүн кооздугу ай! Бийиктиктен тартылган видео

305
(жаңыланган 14:55 18.10.2018)
2018-жылдын күзү өзгөчө болгондой таасир калтырды. Бишкекти кызыл, сары түскө боегон кооздук маанайды көтөрөт.

Быйыл күн эртерээк салкындады. Анткен менен октябрдын биринчи жарымы жылуу болуп, күн мемиреп тийгендигин биз сунуштаган видеодон көрүүгө болот. Дрон шаардын үстүнөн каалгый учуп, Бишкек калаасынын борборун, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркын, борбордук көчөлөрдү тартты. Жерден анча көрүнбөгөн кооздукту куш учкан бийиктиктен карап, баам салсаңыз өзгөчө бир сонун көрүнөрүн байкайсыз.

305
Белгилер:
асмандан көрүнүш, аба ырайы, дрон, күз, Бишкек
Тема боюнча
Ордолуу Ошко 3018 жыл! Шаар тууралуу 10 факты
Түрк компаниясынын Кыргызстан тууралуу видеосу хитке айланды

Финпол 250 миң сом пара берген адамды кармады. Кабинеттен тартылган видео

27
(жаңыланган 13:04 03.12.2020)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан адамды кармады.

Финполдун маалымат кызматынын билдиришинче, 1-декабрда Т.А. аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, кызмат адамына ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Ошол эле учурда кайсы кызматкерге бергени айтылган эмес.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эми кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

27
Белгилер:
тергөө, кармоо, пара берүү, финансы полициясы
Тема боюнча
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт
Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

474
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

474
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды