Депутат ТИМ башчысына талапкер Айдарбековду англисче сүйлөшүп сынады. Видео

Жазылуу
Талкуу учурунда эл өкүлү Касымалиева Айдарбеков англис тилин жакшы билем деп айтканын белгилеп, ага англисче "эгер министр болуп калсаңыз биринчи ишти эмнеден баштайсыз?" деп суроо салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева тышкы иштер министри кызматына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун англис тилди билүү деңгээлин парламенттин жыйынында сынап көрдү.

Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Депутат Сурабалдиева Кыргызстандын АКШдагы элчисине доомат койду
Бүгүн депутаттар ТИМ башчылыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин карап, бир добуштан колдоп беришти

Талкуу учурунда эл өкүлү Касымалиева Айдарбеков англис тилин жакшы билем деп айтканын белгилеп, ага англисче "эгер министр болуп калсаңыз биринчи ишти эмнеден баштайсыз?" деп суроо салды.

Өз кезегинде Айдарбеков эл өкүлүнө берген суроосу үчүн ыраазычылык билдирип, ишти комплекстүү алып барарын айтты.

"Бул бир гана тышкы иштер министрлигине тиешелүү маселе эмес. Бул тышкы саясаттын дагы маселеси. Андыктан биз эл аралык аренада өзүбүздүн кызыкчылыктарды коргошубуз керек", — деди Айдарбеков.

Касымалиева талапкерге ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0