Бишкекте жол кырсыгына кабылган автоунаа оодарылып калды. Видео

Жазылуу
Жол кырсыгы Махатма Ганди менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде саат 17.00дөр чамасында болгон.

Бишкекте Toyota Camry унаасы эркек кишини коюп кетип жеринде мүрт кетти - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Toyota Camry коюп кеткен киши жеринде мерт болду
Бишкекте Toyota Voxy менен Honda Civic үлгүсүндөгү унаалар кагышып, биринчиси оодарылып калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, кырсыктан кийинки видеону WhatsApp каналы аркылуу жөнөткөн.

Анын айтымына караганда, окуя бүгүн, 18-октябрда, саат 17.00дөр чамасында Махатма Ганди менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучулар бар.

Бишкек ЖКККБ аталган даректе кырсык болгонун ырастады.

"Honda Civic үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып Toyota Voxy автосун коюп трассанын четине оодарылып калган. Анын кесепетинен эки айдоочу тең жабыркап ооруканага жеткирилди", — дешти милициядан.

Топтолгон материалдардын бардыгы тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0