Туристтер өлөрчө кармашкан кабыландарды видеого тартып алган

Жазылуу
Жырткычтар жер талаша кеткен сыяктуу. 20 мүнөткө созулган кармашта тажрыйбасы көбүрөөк кабылан күчтүүлүк кылып кеткен.

Түштүк Африканын Крюгер улуттук паркында туристтер эки кабыландын кармашына күбө болушкан. Видеонун автору кабыландарды чаңдан улам алгач байкаган деле эмес. Чаң тарагандан кийин гана экөө алышып жатканын көргөн.

Кабыландын айласын кетирген чүткөр. Кармаштын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кабыландын айласын кетирген чүткөр. Кармаштын видеосу
Салгылашкан кабыландардын бири атаандашынан аябай эле кичинекей көрүнөт. Чоңураак кабылан аны өлөрчө муунтуп, баш сөөгүн сындыра чапкан.

Айыгышкан кармаш 25 мүнөткө созулган. Сыягы жырткычтар жер талашкан өңдүү.

Крюгер улуттук паркы Түштүк Африка Республикасындагы байыркы жана дүйнөдөгү эң чоң парктардын бири болуп саналат. Ага өлкө президенти Трансвааль Пауль Крюгердин аты берилип, эки миллион гектар аянтта жапайы жандыктар кенен-кесир жүрөт. Мындан тышкары, гүл менен бадалдын эки миң түрү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0