Чүйдө DAF менен КамАЗ кагышып, айдоочулар жабыркады. Видео

Жазылуу
Эки унаа тең курулуш материалдарын жүктөп келе жаткан.

Чүй облусунун Садовое айылында эки жүк ташуучу унаа кагышканын күбө билдирип, кырсыктан кийинки видеону WhatsApp каналга жөнөткөн.

Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы DAF менен КамАЗ бет маңдай сүзүшүп, кырсык 22-октябрь күнү болжол менен саат 17.00дө Москва районунда болгонун тастыктады.

"Курулуш материалдары жүктөлгөн унаалар Бишкек — Ош жолунун 34-чакырымында кагышкан. Жаракат алган эки айдоочу ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

Бардык материалдар тергөөгө берилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0