Ошто "чөнтөкчү" кол телефон уурдап, келтек жеп кала жаздады. Соцэксперимент

Жазылуу
Ош шаарынын тургундары ууру билгизбей кыздын уюлдук аппаратын сумкасынан сууруп алса кандай аракеттерге барарын социалдык эксперимент аркылуу билип көрдүк.

Сценарий боюнча жаш жигит элдин көзүнчө кыздын сумкасындагы сотканы уурдап алат. Кээ бирлер көрмөксөнгө салса, көпчүлүк кызга келип соткасын алдырып алганын айтып жатышты. Дагы бирлери телефонду кайтарууга жардам беришти.

Жабырлануучунун ролун аткарган кабарчы Зульфия Тургунова көпчүлүк жарандар кең пейил экенин билдирди.

"Адамдардын көбү мага жардам беришти. Үлпөт тойдо жүргөн балдар "уурунун" артынан кубалап, сабап да салгылары келди", — деди Тургунова.

Ал ошондой эле социалдык эксперименттен кийин адамдардын кең пейилдүүлүгү жаш курактан, динден, жыныстан же улуттан көз каранды эместигин түшүнгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0