Бишкектен анча алыс эмес жерде автоунаа бакты сүзүп, күйүп кетти. Видео

Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу унаасын башкара албай калган.

Бишкек — Кара-Балта жолунда унаа базарына жакын жерде автокөлүк бакты сүзүп, күйүп кеткендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp аркылуу билдирди.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, Mazda Demio үлгүсүндөгү машина кырсыктаган.

"Жол кырсык 26-октябрда болжол менен 2.30дар чамасында болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, унаа жолдон чыгып кетип, бакты сүзүп, мунун айынан өрт чыккан", — деп айтышты милициядан.

Айдоочу унаадан чыгып кетүүгө жетишип калып,  бирок оор жаракаттар менен ооруканага түштү.

Милициядан окуя болгон жерден бардык материалдар чогултулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалгандыгын айтышты.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0