Москвада теракт даярдап жаткан согушкерлер кармалды. Видео

Жазылуу
Маалыматта топту Борбор Азиядан чыгып, учурда Сирияда жүргөн кишилер башкарганы айтылган.

Россиянны Федералдык коопсуздук кызматы "Ислам мамлекети" терррордук уюмунун  Москва шаарында  теракт кылууга кам көрүп жаткан  алты мүчөсүн кармады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил КПП Ак-Жол - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы 2017-жылдан бери канча террорчуну кармап бергенин айтты
Маалыматка караганда, топту Борбор Азиядан чыгып, учурда Сирияда жүргөн кишилер башкарчу.

Федералдык коопсуздук кызматы тараткан видеодо согушкерлер кармалып, колу кишенделип жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле алардын бири дубалга "Ислам мамлекетинин" желегин илип, андан соң беткап кийип жатканы тартылып калган.

Бир нече күн мурда Россия президенти Владимир Путин 2018-жылдын тогуз айынын ичинде террордук багыттагы 26 кылмыштын алды алынганын, анын 15и теракт катары пландалганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0