40 секундада 50 кышты талкалады! Кытайлык кишинин таңгалдырган видеосу

324
(жаңыланган 15:25 28.10.2018)
Таштай катуу мындай колдорго көптөр суктанса керек.

Видео YouTub каналына жүктөлгөн. 

Кытайда кунг-фунун 20 жаштагы чебери 50 кирпичти 40 секундага жеткирбей талкалап салды. Спортчунун Кытайдын түштүк-батыш тарабындагы Бицзе деп аталган шаардык округда жашаары айтылган. Көптөрдү таңгалдырган бул видео 23-октябрда тартылган.

Видео интернетке чыккандан соң, жигиттин чеберчилигине суктангандар пикирлерин жазып калтырган. Ал эми бир даары Кытайда сапатсыз кыштар куюлгандыктан, аны сындыруу оңой эле деп күдүктөнгөн ойлорун калтырган.

324
Белгилер:
күч, кирпич, спортчу, Кытай
Тема боюнча
Кытайлык ойлоп табуучу абада учкан скутер жасады. Видео

Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады

142
(жаңыланган 13:00 22.09.2020)
Индияда бир боого байланган 100дөн ашык шар жарылып кетип, 30дай киши жабыркады. Учурда жабырлануучулар ооруканада жатат.

Окуя 17-сентябрь күнү Ченнай шаарында болгонун Times of India агенттиги жазды. Эл көчөдө премьер-министр Нарендра Модинин туулган күнүн белгилеп жаткан. Уюштуруучулар бир боого байланган 100дөй шардын жанында фейерверк аттырып, жыйынтыгында шарлар жарылып кеткен. Видеодон ошол маалда кадимкидей жалын чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Кара түтүн менен кызыл жалын каптап... Бейрутта кайрадан өрт чыкты. Видео

Кырсыктан 30дай кишинин ар кайсы жери күйүп, ооруканага кайрылышты. Жергиликтүү бийлик мындай иш-чарага уруксат берилбегенин айтууда.

142
Белгилер:
жабырлануучу, жарылуу, Индия
Тема боюнча
Москвада көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, кыргызстандык жигит ооруканага түштү
Жарылуудан улам бир мамлекет жарыксыз калды. Теракт болгону айтылууда

Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды

81
(жаңыланган 10:17 22.09.2020)
Грузияда "Татыктуу өнөктөш-2020" машыгуусу аяктады. Маневрларга катышуу үчүн 3 миңге чукул адам Польша, Франция, Улуу Британия, АКШ жана Грузиянын өзүнөн тартылды.

АКШнын Грузиядагы элчиси өлкөлөр биргелешкен күчтөр менен аскердик даярдыгын жакшыртып жана Кара деңиз аймагындагы коопсуздук абалды колдоо максатын көздөгөндүгүн айтышты. Бирок мындай билдирүүнүн артында эмне жатат? Эмне үчүн НАТО аскерлери окутуу жүргүзүүдө Грузияны тандап алган. Россия бул машыгуулар туурасында кандай ойдо? Суроолорго видеодон жооп алууга болот.

81
Белгилер:
Аскер, машыгуу, Кара деңиз, НАТО, Грузия, АКШ, Россия
Тема боюнча
"Аскердик күчтөр топтолуп...": Норвегияда эмне болуп жатат?
Кишенделген адам. Архив

Кыргызстандан АКШга барган аялдын табышмактуу жоголушу. Сот шектүү күйөөсүн актады

0
(жаңыланган 20:12 22.09.2020)
Кыргызстанда төрөлгөн аял 2012-жылдан бери дайынсыз болууда. Былтыр март айында анын америкалык жолдошу аны өлтүрүүгө шектелип кармалган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. АКШдагы Пенсильвания штатынын аймактык соту Кыргызстанда төрөлгөн Рабихан Сейдерс (өзүнүн фамилиясы Хасанова) аттуу жубайын өлтүрдү деп шектелип жаткан Хэп Сейдерсти актады. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

​Порталдын маалыматына караганда, аял 8,5 жылдан бери дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. 2012-жылдын март айында анын кызы энеси жоголгонун айтып полицияга кайрылган. Аны акыркы жолу Камберленд графтыгындагы Silver Spring Township шаарчасындагы үйүнө жакын жайгашкан дарыкананын жанынан көрүшкөн. Тергөө органдары анын сүрөтүн бардык полиция участкаларына жиберип, кредиттик карталарына чейин текшеришкен. Мындан сырткары, АКШнын Ички коопсуздук министрлигине кайрылып, Рабихан Сейдерс өлкөдөн чыккан-чыкпаганын сүрүштүрүшкөн. Бирок ушул убакка чейин аялдын тирүү экенинен кабар берген бир дагы далил табылган эмес.

Дайын-дареги билинбей жаткан аял болочоктогу жолдошу менен Атлантик-Ситидеги казинолордун биринде массажист болуп иштеп жүргөн кезинде таанышкан. Кийин экөөнүн мамилеси жакшы болуп, Рабихан анын үйүнө көчүп барган. Хэп Сайдерс тыйын сатып, сейрек кездешкен баалуу металлдарды коллекциялоо менен алектенип келген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Рабиханды күйөөсү өлтүрүп, сөөгүн каминге өрттөп жиберген. Айыптоочу тарап кишинин үйүнүн жалюзиси бир нече күн бою жабык туруп, мешинин морунан кара түтүн чыгып турганын айткан. Мындан тышкары, шектүүнүн үйүндөгү каминдин ичинен адамдын сөөктөрү табылган. Өткөн жылдын март айында жубайын өлтүрүүгө шектелген Сайдерс камакка алынган. Ага жети жыл берилери болжолдонгон.

"Биз Хэп Сейдерс Рабиханды өлтүргөнүн билебиз", — деп аймактык прокурордун жардамчысы билдирген.

Ал эми сотто Сейдерстин адвокаты каминден табылган калдык Рабиханга тийиштүү экенин тастыктоочу ДНК-тест жүргүзүлбөгөнүн белгилеген. Ал ошондой эле соттун жетинчи жыйынында америкалык тергөөчүлөр Рабиханды Кыргызстандан издеп көрбөгөнүн кошумчалаган. Жактоочунун айтымында, Рабихан жолдошунун үч миллион долларын жана алтын куймаларын уурдап качып кетиши ыктымал.

"Ал балээге кабылган аял эмес, ал атайын план түзүп алган аял болгон", — деп билдирген жактоочу.

Натыйжада Хэп Сейдерс бардык айыптоолор боюнча акталып, соттун залынан бошотулган.

0
Белгилер:
адам өлтүрүү, кылмыш, полиция, дайынсыздар, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Жолдон жай өткөн киши чыдамы жок айдоочунун огунан мерт кетти. АКШдагы окуя