Токмокко жакын жерде жеңил унаа тосмону сүзүп, өрттөнүп кетти. Видео

Жазылуу
Укук коргоо органдарынын алдын ала маалыматына караганда, айдоочу каршы тилкелердин ортосундагы бетон тосмолорду байкабай калган.

Токмок шаарына жакын жердеги айланма жолдо жеңил унаа тосмону сүзүп, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу күбө билдирип, Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына видеосун жөнөттү.

Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кырсык 27-октябрь күнү кечки саат 23:30дар чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда болгонун кабарлады.

"Audi S4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу белгисиз себептерден улам каршы тилкелердин ортосундагы бетон тосмону сүзүп, унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Ал эми айдоочу ооруканага жаткырылды", — деди Чүй ЖКККБнын өкүлдөрү.

Топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0