Казань шаарында жер оюлуп, жүрүп бараткан КамАЗ кирип кетти. Видео

Жазылуу
Кырсык жөө адамдар өтүп бара жаткан жерде болду.

Бишкекте Honda Odyssey менен Lada Priora кагышкан - Sputnik Кыргызстан
Кырсык: Бишкекте Odyssey күркөнү барып сүзсө, Priora арыкка кирип кетти
Россиянын Казань шаарында жолдун КамАЗ өтүп бара жаткан жери оюлуп, ага унаа түшүп кетти. Бул тууралуу шаардык "ЧП/ДТП Казань" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, канализациялык коллекторду тазалаганда дал ошол жердеги кыртыш түшүп кеткен. Качан оор унаа келгенде асфальт аны көтөрө албай калган. Кийин жүк ташуучу унааны крандын жардамы менен алып чыгып, жабыркагандар жок экени айтылды.

Муниципалдык кызматтар бузулган жолго тосмо коюп, оңдоо иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0