Депутат Чыныбай Турсунбеков курсанттарга "Ильяздын ырын" аткарып берди

526
(жаңыланган 09:17 31.10.2018)
Эл өкүлү курсанттарга улуу жазуучунун китептерин тапшырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы аскер институтунун курсанттары менен жолугуп,"Ильяздын ырын" аткарып берди.

Анын видеосу Жогорку Кеңештин Facebook баракчасына жарыяланды.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиришинче, Чыныбай Турсунбеков Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган эстафетаны алган.

"Бишкек шаарындагы аскер институтунун китепканасы улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун китептери менен толукталды. Калемгердин 90 жылдык мааракесинин алкагында китептерди келечектеги мекен сакчыларына эл өкүлу Чыныбай Турсунбеков тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк "Тарыхый окуялар" сериясынан "Чыңгыз Айтматов — 90 жыл" коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

526
Белгилер:
ыр, китеп, Чыныбай Турсунбеков, Чыңгыз Айтматов
Тема:
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы (43)
Тема боюнча
Бишкекте Айтматовдун мааракесине карата окуучулар ортосунда сынак өтөт
Айтматовдун урматына коллекциялык тыйын чыкты. Сүрөтү окшошот бекен?