Түнкү клубда каза болгон студенттин мушташы видеого түшүп калган

Жазылуу
18 жаштагы студент 28-октябрдын түнүндө Бишкектеги клубдардын биринде теңтуштары менен чатакташа кетип, каза болуп калган.

Sputnik Кыргызстан агенттигине студенттердин мушташып жаткан учуру тартылып калган видео келип түштү. Кадрдан түнкү клубдун ичиндеги тепкичке эки улан бири-бирин жакалап, уруп жатканынын көрүүгө болот. Аларды жанындагы балдар ажыратууга аракет кылып жаткан. Видео ошол клубдун видео байкоосуна түшүп калган.

Түнкү клуб. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги түнкү клубда каза болгон бала. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
Эске салсак, 28-октябрга караган түнү эс алып жүргөн үч уландын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Экөө биригип, үчүнчүсүн ур-токмокко алышкан. Соккудан улам ал жыгылып башы менен тепкичке тийген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.

Шектелген эки жигит Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Биринчиси 18 жаштагы шектүү №1 убактылуу кармоо жайына, экинчиси 17 жаштагы улан Вознесеновка айылындагы жашы жете электердин №14 абагына жөнөтүлдү.

Каза болгон улан жогорку окуу жайдын 1-курсунун студенти экендиги айтылган. Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы студент ушул видеодогу мушташтан каза болгонун тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0