Депутаттар чын жүрөктөн эмнеден уяларын айтып беришти. Видео

Жазылуу
Кесиптештеринин жөө жүргөнүнөн, президенттин эски учагынан уялган депутаттар. Эл өкүлдөрү дагы эмнеден уялат?

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары жыйын учурунда айрым нерселерден уяларын айтып, ал коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Атап айтканда, эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев маршруткада жүргөн кесиптештеринен уяларын айтып, аларга кызматтык унааны кайтарып берүү керектигин билдирген.

Коомдук транспорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар жөө жүргөндөн уялар-уялбасын айтып беришти. Пикирлер
Жакында эле депутат Таабалды Тиллаев болсо президентти ташыган №1 борттун эскилиги жеткенин айтып, чет мамлекетке чыкканда бул көрүнүш уяларлык нерсе экенин билдирген. Андыктан Кытайдан, Араб мамлекеттеринен достук иретинде учак сурап көрүүнү сунуштаган. Эл өкүлүнүн бул пикири дагы коомдо кызуу талкуу жаратты.

Жогорудагы "уяттуу" учурларды эске алып, Sputnik Кыргызстан агенттиги дагы башка эл өкүлдөрү эмнеден уяларына кызыгып көрдү.

Депутат Исхак Масалиев көптөгөн байлыкка ээ болгон мамлекеттин турмушу ойдогудай болбой жатканына уяларын айтты. Андан сырткары, чыдамкайлык, сабырдуулук жоголуп баратканын белгиледи.

Жанар Акаев айрым учурларда эл тарапта боло албай калганына уялса, Абдывахап Нурбаев англис тилин билбегени үчүн өзүн жемелейт экен.

Мирлан Бакиров, Марлен Маматалиев, Руслан Казакбаев, Айсулуу Мамашова, Бакыт Төрөбаев, Максат Сабиров, Таабалды Тиллаев дагы эмнеден уяларын айтып беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0