Кытайда айдоочу менен аялдын мушташынан автобус көпүрөдөн кулап кетти. Видео

Жазылуу
Айдоочу жүргүнчү аял менен урушуп жатып автобустун башкара албай калган. Жыйынтыгында унаа көпүрөдөн кулап, 13 адам каза болгон. Окуянын кандай болгонун автобустун ичинен тартылган видеодон көрсөңүздөр болот.

Жүрөк үшүн алган жол кырсыгы Кытайдын Чунцин шаарында катталган. Жергиликтүү ЖМКнын маалыматында, автобус бийик көпүрөдөн дарыяга кулап, жыйынтыгында 13 адам каза болуп, экөө дайынсыз жоголгон.

Два грузовика и минивэн столкнулись в Петербурге, погибли 8 человек. Видео - Sputnik Кыргызстан
Петербургда 8 адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыктын видеосу
Полиция кырсыктын себебин аныктай албай башы катып, техникалык мүчүлүштүк, айдоочунун көңүлкоштугу же кырсыкка жеңил унаа да себеп болушу мүмкүн деген божомолдорду караган.

Натыйжада бул үч версия тең туура эмес чыгып, полиция кырсыктын себебин талкаланган автобусту суудан алып чыкканда гана аныктаган.

Унаанын ичиндеги видеорегистратор кырсыкка чейинки автобустун ичиндеги учурду тасмага түшүрүп калган. Көрсө, айдоочу жүргүнчү аял менен мушташа кетип унааны башкара албай калган. Анда аял аялдамадан өтүп кеткени үчүн айдоочуну жемелеп, бир нече жолу чаап жиберген. Чыдабаган айдоочу аялга жообун берем дегенде автобус көпүрө жолунан чыгып сууга түшүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0