Укмуш аңчылар го! Канаттуулардын айласын кетирген балыктардын видеосу

Жазылуу
Сейшел аралдарындагы чоң каранкс балыктары өзгөчө чеберчилик менен суудан секирип чыгып, канаттууларды кармайт.

Мындай балыктардын аңчылыгына BBC Natural History басылмасынын операторлору байкоо салып кадрга түшүргөнүн National Geographic жазды.

Окумуштуулар каранкстардын аңчылык кылуу тактикасын изилдеп, алар тобу менен жүрөрүн аныкташкан. Бул ыкма алардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондой эле, мындай балыктар канаттуунун канчалык бийикте учуп баратканын, ылдамдыгын жана траекториясын сезүү жөндөмүнө ээ.

Чоң каранкс балыктарынын эң ирилеринин узуну 170 сантиметрге жетсе, салмагы 80 килограммды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0