Бишкектин чок ортосунда эл ташыган автобустан өрт чыкты. Видео

Жазылуу
Бишкектин чок ортосунда, Чүй менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган автобустан өрт чыкты. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp аркылуу кабарлап, видеосун кошо жөнөттү.

ӨКМден кабарлашкандай, аталган дарек боюнча чакыруу саат 19.14тө келип түшкөн. Жерине бир өрт өчүрүүчү унаа жөнөп кеткен. 

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуПожар в пассажирском автобусе в Бишкеке
Пожар в пассажирском автобусе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пожар в пассажирском автобусе в Бишкеке

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерге барып, автобустун моторунан жалын чыкканын айтты.

Жабыркагандар жок. Өрт толугу менен өчүрүлдү.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0