Эне да! Асканын боорунда калган мамалак менен аюунун видеосу

6328
(жаңыланган 13:13 05.11.2018)
Аюу менен мамалактын асканын бооруна жармашып, өйдө чыга албай жаткандагы учурун бийиктиктен карап тургандар тартып алган. Видеону андан соң YouTube каналга жарыялашкан.

Кадрда алгач аюу баласы менен асканын карлуу боорунан өйдө карай чыгууга аракет кылып, капталдап баратканын көрүүгө болот. Бир нече мүнөттөн кийин энеси карылуу болгондуктан, кырга чыгып кетип, мамалак кала берген. Видеону байкаган киши анын аягына чейин көз албай көрөт. Себеби, кичинекей жырткыч өйдөгө чыгып, кырга жетейин деп калганда улам ылдый сүрүлүп кетип жатканы тартылып калган. Албетте, бул анын өмүрүнө кооптуулук жараткан.

Ал арада эне-аюу чебелектеп, кырда ары-бери басып жүрөт. Ал тургай асканын башына жетейин деп калган мамалакты астыңкы буттары менен кармап алчудай жүткүнүп, бирок айласыз калганына күбө болосуз.

Видеонун соңунда кырга аман-эсен чыгып, энеси менен мамалактын томпоңдой чуркап, узап бара жаткан кадры бар.

6328
Белгилер:
видео, аска, мамалак, аюу
Тема боюнча
Аюу кишини мертинтип кое жаздады. Аял коркунучтуу учурду видеого тартып алган
Укмуш аңчылар го! Канаттуулардын айласын кетирген балыктардын видеосу

93 жашында шуулдап операция жасаган Мамакеев. Дарыгердин иш учурунан видеобаян

133
Хирург Мамбет Мамакеевди кыргыз эли эле эмес, бүт дүйнө тааный баштады. Себеби ал 68 жылдык карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди. Жакшы жаңылыгы менен алтын колдуу дарыгерди Sputnik Кыргызстан агенттиги да куттуктап, ал-абалын сурап келди.

93 жаштагы Мамбет Мамакеев башка курбалдаштарына салыштырмалуу тың, күүлүү-күчтүү. Учурда Бишкектеги хирургия борборунда иштеп, күнүнө 3-4 операция жасайт. Биз барган учурда кезектеги операциясына даярданып жатыптыр.

"Азыр бейтаптын өтүн алабыз. Кааласаңар операцияга кирип чыккыла" деп шуулдап халатын кийип, операция залына жөнөдү. Операция көз ачып-жумганча бүттү. 93 жаштагы хирург 10 мүнөттүн ичинде кайра иш бөлмөсүнө келип калды.

"Операциядан тажабайм, чарчабайм дагы. Анткени ал жакта сүйлөбөйсүң. Хирургдун мээси, анан колу жакшы иштеш керек. Көп сүйлөгөндөн чарчап кетем. Ушул жашка келгичекти бир да күн жумушума кечигип же келбей калган күнүм болгон эмес. Ишиңди жакшы көрсөң, андан тажабайсың", — деди дарыгер.

Мамакеевдин хирургия тармагында иштей баштаганына 68 жылдан ашыптыр. Бул аралыкта ал 30 миңден ашык адамдын өмүрүн сактап калган. 1000ге чукул шакирттерди тарбиялап, 200дөй илимий эмгектин автору болгон. Дарыгер адамга таланттан биринчи эмгек керек экенин айтып, тырышчаактыгынын, эмгекчилдигинин арты менен атактуу хирург болгонун айтып берди.

"Медициналык институтта билим алып жүргөндө мугалимдер мени тартипсиз, орой, орусча сүйлөй албайт деп жаман көрчү. Аспирантурага тапшырарда да "бул кантип аспирант болот" деп араң өткөрүшкөн. Бирок мен тырышчаактыгым, эмгекчилдигим менен аспирант болмок тургай, ушул даражага жеттим. Айрымдары "Мамакеев дагы эле тирүүбү" деп сурайт экен (күлүп). Мен бул жумушума көнгөм. Аны таштоо оңой эмес. Ишиңе берилүү менен мамиле кылыш үчүн ишти, ооруну, бейтапты да сүйгүнүң. Кесипкөй адис болом десең билимге умтул. Мунун баары болгондо гана ишке көңүл тартат", — деди хирург.

Кызыгы, хирург өмүрүндө чылым чегип, арак ичип көргөн эмес. Дени сак жашоого бала кезинен көнүп, чыйралганын айтып отурду. Мамакеев дүйнөдөгү аксакал дарыгерлердин бири. Кемпири менен эки уулду тарбиялап чоңойтушкан.

"Кемпирим 91 жаштын чайын ичип отурат. Бирок алдан тайып, араң басып, сүйлөбөй калды. Экөөбүз баштан далай кыйынчылыкты өткөрдүк. Эки уулум менин жолумду жолдоп медицина тармагын тандап алышкан. Биринчи уулум ооруканада диагностикалык борборду иштетсе, экинчиси ушул оорукананын жетекчиси. Небере-чөбөрөлөрүм бар", — деди Мамакеев.

Хирург биз менен маегинде экинчи даражадагы "Манас" орденинен башка мамлекеттик сыйлыктын баарын алганын айтып отурду. "Кудай күч-кубат берсе иштей берем, азырынча көзүм курч, мээм алжый элек", — деди ал.

Айтылуу хирург 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн.

Бишкек шаарында анын ысымы ири хирургия борборуна ыйгарылган.

133
Белгилер:
эмгек жолу, операция, дарыгер, хирург, видео, таржымал, Мамбет Мамакеев
Тема боюнча
Айыгарын билбей өлмөкчү болуп... Өзгөчө операция жасаган нейрохирургдун маеги
Шоопур болуп кете жаздаган. Миңдеген мээни ачкан Миталип Мамытов 80 жашка чыкты

Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт! АКШда эл Флойд менен коштошкон видео

403
(жаңыланган 21:47 05.06.2020)
Американын Миннеаполис шаарында полиция кызматкерлеринин одоно аракетинен каза болгон афроамерикалык Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты болду.

Миннеаполистеги Түндүк Борбордук университетинин (North Central) имаратына жүздөгөн адам Флойдду эскерүү үчүн чогулду. Табытты жүктөгөн автоунаа көрүстөнгө бара жатканда эл "Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт!" деген сөздү кайталап жатты.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

403
Белгилер:
коштошуу, узатуу, полиция, Жорж Флойд, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШнын алдан тайышы: балдар полициядан коркуп жана жек көрүүнү үйрөнүп жатышат
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

0
(жаңыланган 23:29 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жатат, сактануу талаптары күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды сактануунун жана карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

0
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты