Топоз минип шаар аралап... Бишкектин жанынан тартылган видео

1046
(жаңыланган 12:18 06.11.2018)
Топозчон киши бул жаныбарды Нарын облусунун Ат-Башы районунан алып келген.

Бишкектин 7-апрель көчөсү менен жогору жакты көздөй кетип бара жаткан топозчон жигитти Көк-Жар айылынын жанынан видеого тартып алышкан. Анын айтымында, Ат-Башыдагы жайыттан алып келип, топозду эшикке ары-бери бастырып коеюн деп алып чыккан.

"Азыр 1,5 жашта. Иштетсем деген ниет бар. Азоо болчу, азыр колго көндү. Жылкыга караганда, муну үйрөтүү кыйын. Жылкынын көк буусу чыккандан кийин жоошуп калат эмеспи, ал эми бул азоолугун бир топко унутпайт. Эки жумадай көтөрүп чабылып жатып, үйрөттүм", — деп айтып берген топозчон жигит.

Аны видеого тартып алган киши бул көрүнүшкө таң калгандыгын жашырбай, улам комментарий кылып жаткандыгын угууга болот.

Топоз баккан нарындык кыз туурасында маекти окуңуз.

1046
Белгилер:
жигит, топоз, Ат-Башы, Бишкек
Тема боюнча
Кантип батты экен? Автоунаага башын киргизип алган зубрдын видеосу
Алай районунда ат жана топоз оюндарынын фестивалы өтөт
Ташбеков: туристтерди тартуу максатында ат жана топоз оюндарынын фестивалы өтөт

Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео

425
(жаңыланган 18:49 22.01.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары менен сүйлөшүп, күнүнө канча акча табарын сураштырды.

18-январда айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кирени 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен. Мэр бул маселени чечүүгө убакыт керектигин айткан.

Анткен менен бүгүн киши ташуучу жеке компаниялардын жетекчилери мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевден кичи автобустардагы жол кирени 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Азырынча жол кире боюнча так бир чечим чыга элек.

Түлөбаев болсо мэриянын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүүнү тапшырды. Ал борбор калаанын транспорттук тутумун реформалоо үчүн жарандардын, айдоочулардын, муниципалдык кызматкерлердин жана жеке транспорттук компаниялардын жетекчилеринин жолугушуусу үчүн аянтча болуп бермекчи.

Мэр, ошондой эле, натыйжалуу иш алып баруу үчүн жеке фирмалардын жетекчилеринин атынан бир өкүлдү тандап, аны өзүнүн коомдук кеңешчиси кылууну суранган.

Бүгүнкү күндө маршруттук таксилердин айдоочулары канча табарын сураштырдык. Алардын айтымында, киреше канча каттам жасагандыгына жараша түшөт. Айрымдары күнүнө 700 сомго чейин, кээ бири 1 500 сомго чейин акча каражаты өздөрүндө каларын айтышты.

425
Белгилер:
Киреше, жол кире, айдоочу, маршрутка, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте маршруткалар боюнча абал кандай экенин мэриядан айтып беришти
Иш таштаган маршрутка айдоочулары. Үч компанияга эскертүү берилди
Маршрутка айдоочулары жол акыны 20 сомго көтөрүүнү талап кылды. Мэрдин сунушу

Жетер чегине жетти! Маркум депутаттын кызы ыйлап баяндама жасады. Видео

4372
Пандемия маалында бийлик тарабынан жасалган иштерди иликтеген жумушчу комиссия бүгүн маалымат жыйын өткөрүп корутундусун жарыялады. Анда маркум депутат Чыныбай Турсунбековдун баяндама жасаган кызы Айдай Турсунбекова ыйлап жиберди.

Турсунбекова комиссияга пандемияда каза болгондордун жакындарынын атынан кирген. Ал баяндамасын аяктап жатып өлкөнүн медицинасы дээрлик талкаланып бүтүп, жетер чегине жеткенин белгиледи.

"COVID-19 пандемиясы биздин саламаттык сактоо тармагынын абалын көрсөтүп койду. Мен көргөндөн бир гана саламаттыкты сактоо системасы чириген эмес, башкалары да бар. Ал жерде эч нерсе кылбай, жылдап жетекчилик кызматта отургандар, бир кызматтан экинчисине секирип жүргөндөр айрым олигарх врачтарга мамлекеттик ооруканаларда жеке бизнесин жүргүзүүгө шарт түзүп берип жатат. Ошол эле учурда биздин жаш, кесипкөй кадрлар жумуш издеп чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болууда", — деди Турсунбекова.

Мындан улам ал пандемияда жакындарын жоготкон адамдар укук коргоо органдарынан гуманитардык жардамдар, донорлор берген каражат каякка жумшалганын тактап беришин сурана турганын белгиледи.

Себеби баасы 600-650 сом турган жеке коргонуучу бир костюмду мамлекет 6000 сомго сатып алган учурлар бар экенин айтат.

Пандемиянын кесепеттерин иликтеген комиссиянын курамына дарыгерлер, ыктыярчылар, журналисттер жана коронавирустун курмандыгы болгондордун жакындары кирген. Изилдөөнүн жыйынтыгы рекомендациялык мүнөзгө ээ жана ал Коопсуздук кеңешине өткөрүлүп берилет.

4372
Белгилер:
медицина, пандемия, иликтөө, комиссия
Тема боюнча
Комиссия Республикалык штабдын пандемиядагы эң биринчи катасын атады
Комиссия: пандемияда көз жумгандардын саны расмий маалыматка төп келбей жатат
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) проректору, профессор-нейрохирург Кеңешбек Ырысов. Архивдик сүрөт

Медакадемиянын профессору мээсинде чоң шишиги бар 3 бейтапка операция жасады

0
(жаңыланган 12:26 23.01.2021)
Оор делген операция Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө жасалган.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) проректору, профессор-нейрохирург Кеңешбек Ырысов мээсинде өтө чоң шишиги бар бейтаптарга оор операция жасады. Бул тууралуу КММАнын маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, ал 15-16-январь күндөрү санитардык авиация линиясы боюнча Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө мээсинде чоң шишиги бар үч бейтапка операция жасаган.

"Операция ийгиликтүү өттү. Бейтаптар өзүнө келгенден кийин неврологиялык мүчүлүштүктөр жана операциянын кесепети тийген кандайдыр бир оорулар байкалган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Аталган оорукананын Нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Улан Каримов профессор Кеңешбек Ырысовдун буга чейин да нейрохирургдарга консультация берип, практика жүзүндө көрсөтүп оор операцияларды жасап келгенин белгилеп, ыраазычылык билдирген. Бул бир чети бейтаптар үчүн жардам болсо, экинчи жагынан дарыгерлерди окутууга чоң салым болгонун айткан.

0
Белгилер:
шишик, мээ, нейрохирургия, Кеңешбек Ырысов, операция
Тема боюнча
Хирург Шабыралиев: операцияга кезек жетпей чарчап калган бөбөктөр бар, шарт начар
Баш сасык тумоого кабылгандай эле ооруйт. Нейрохирург Мамытов мээ рагы тууралуу