Бишкекте эң сулуу кыргызстандык бийкеч тандалды. Конкурстун видеосу

Жазылуу
Бишкекте кечээ күнү "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагы болуп өттү.

Жер жүзүнүн сулуусу — 2018 сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер жүзүндөгү эң сулуу селки аныкталды! Чырайлуу кыздын сүрөтү
Өлкөнүн эң сулуусу наамын алыш үчүн 25 кыз ат салышып, 22 жаштагы Айжан Жеңишова жеңишке жетти. Ал кичи мекени Ысык-Көл облусунун атынан чыккан.

Ал эми вице-мисс наамына 19 жаштагы Нуриз Бектурова ээ болду. Экинчи вице-мисс наамын 18 жаштагы Эльгиза Ырсакунова, үчүнчүнү Арина Сулайманова илип кетти.

Жеңүүчү таажыдан сырткары, баш байге Mercedes-Benz A 140 үлгүсүндөгү унаага ээ болот жана эл аралык сулуулук сынактарынын бирине Кыргызстандын атынан катыша алат. Калган байгелүү орундарга илинген кыздар Түркияга туристтик жолдомо алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0